Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

Cалттуу дин аялдарды бийик даражада кадырлаган


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Жакында эле Кыргызстандагы динаятчылардын бири аялзатынын каарын келтире турган сөздү айтканын угуп, абдан таң калдым. Ыраспы же жалганбы, айтор "Эт аялдын денеси ачык болгону үчүн кымбаттады" деген имиш.

Эттин кымбатташына чын-чынына келгенде "аялдын денесинин ачык болгону" эмес, исламдагы адал жана арам мыйзамын унутуп койгон эркек бизнесмендер, базарлардагы эт алып-сатарлар жана алардын ынсап-топугун мыйзам чегинде ордуна койбой да, көзөмөлдөбөй да койгон өкмөт күнөөлүү. Демек, трагедиялардын баарын аялдарга жүктөй берүү, ошолордун кесепетинен ушуга туш келдик деп айтуу өтө чоң күнөө. Салттуу динибиздин аялдарды урматтап-сыйлоо жаатындагы тарыхын билбеген чала сабат адамдар гана ушундай сөздөрдү айтышы мүмкүн.

Убагында Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгын жетектеген абройлуу ислам аалымы, маркум Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун бир нече жыл илгери Өзбекстандын "Саадат" журналынын кабарчысы менен болгон маегинде аялдар тууралуу айткан ары баалуу, ары калыс ой-пикирлерин кайра-кайра окуп, анын кара кылды как жарган чыныгы аалым экенине таң берип келем.

Ислам аалымы ошол маегинде "өз диниңди да, мамлекетиңдин идеологиясын да урматта, биротоло фанат болуп кетпе, аялзатын сыйла" деген тариздеги төмөндөгүдөй акыл-насааттарын момун-мусулмандарга мурас катары айтып калтырган.

"Эгер исламдын аялдарга карата мамилесин терең үйрөнө турган болсок, анда ислам аялдарды канчалык бийик даражада кадырлаганын сезүүгө болот. Дүйнөдөгү эң маданияттуу элдердин айрымдары көз жумган аялдарды өлгөн эринин жанына коё турган. Ислам болсо кыз төрөлсө "береке болот, үй-бүлөгө кубаныч алып келет" деген идеяны биринчи катарга коёт. Пайгамбарыбыз с.а.в. "Кимдин үч кызы болуп, аларды жакшы тарбияласа, Алла Таала аны кыямат күнүндө жаннатка киргизет" деген ыйык хадисти айтты. Ошондо бир киши туруп: "Эки кызы болсочу, эх Алланын Расулу?" деп сурады. "Эки кызы болсо да…" деп жооп берди Пайгамбарыбыз с.а.в.

"Биздин фикх (шарият жөнүндөгү илимий эмгектер) китептерибиз ата-энелерге, акелерге насаат кылып: "Эгер базардан балдарга соогат алып келсеңиз, эң оболу кыз балдардан баштап бериңиз. Анткени алардын көңүлү назик болот" деп таалим айтат. Ошондой эле кыздарды багуу, кийиндирүү, тарбиялап бойго жеткирүү атанын, акенин же башка бир эркек туугандын жоопкерчилиги болуп эсептелет. Кыздар чоңоюп турмушка чыккандан кийин бул жоопкерчилик эрлерине жүктөлөт. Аларды аял катары урматтоо, сыйлоо, ар бир мусулман эркектин ыйык милдети.

Алла Таала Куранда: "Аялыңыз менен жакшы жашаңыз" деп эркектерге буйрук берген. Пайгамбар с.а.в. болсо: "Аялдар туурасында Алладан коркуңуз, себеби сиз аларды Алланын аманаты катары алдыңыз. Алланын ишеними менен мыйзамдуу түрдө аялдуу болдуңуз, алардын тамак-ашы жана кийим-кечеси сизге жүктөлөт" деген.

Дагы бир хадисте болсо: "Сиздердин араңыздарда эң жакшыңыз – аялга, бала-чакага жакшы мамиле жасаганыңыз" деп айтылган. Аялдардын мээнетинин эң бийик натыйжасы алардын төрөп, тарбиялап өстүргөн перзенттери саналат. Алланын аялды назик, жагымдуу кылып жаратылышынын даанышман сыры дал мына ушунда. Анын назик колдору бир боор перзентин сылоого, жууп-тароого, бешик терметип, бала тарбиялап элге жөлөк боло турган жоокер уулдарды, күйүмдүү кыздарды тартуу кылуу жана башка иштер үчүн жаратылган. Кетмен, күрөк кармап, асфальт төшөп, жүк ташып жүрүш үчүн эмес!

Исламдын аялдарды урмат кылганы калкыбыздын үрп-адаттарынан да ордун тапкан. Карыяларыбыздын айтуусуна караганда, илгери көлдөн же арыктан суу алып келүү зарыл болгон учурда аялдар бош чакаларды дарбазанын тышкары жагына чыгарып коюшса, көчөдөн өткөн биринчи эркек киши ал чакаларга суу сузуп келип ордуна коюп коюшу экен.

Ырас, азыр эркек перзенттерибиздин тарбиясы аябагандай өкүнүчтүү. Күнөө иштер ар бир кадамда учурап турат. Тилекке каршы, аялдарыбыз менен кыздарыбыздын да ийри жолго түшүп баратышканы кишини кейитип, ойго батырат. Айрым кыздарыбыз Батышты туурап, кунарсыз кейипте өтүп алышкан, араларында араккорлору, нашаакечтери жана арам жолдо жүргөнү да жок эмес. Албетте, мунун себептери көп. Менимче анын эң башкы себеби – моралдык тарбиянын жетишсиздиги.

Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. хадистеринин биринде: "Жаннат энелердин аяк астында" деп айткан. Бул – эгер жаннатка киргиң келсе, энеңди ыраазы кыл, эненин аяк астында болсоң, аны ызаат кылсаң, урмат көрсөтсөң, сөзсүз жаннатка барасың дегенди билдирет.

Ошондой эле Куран Каримде ж.б. хадистерде энелердин урмат-сыйы жаатында өтө көп аяттар, осуяттар бар. Алардын айрымдарын эске салайын. Бир киши Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. алдына келип: "Эй Алланын Расулу, мен адамдардын кимисине жакшылык кылайын?" дептир. Анда Пайгамбарыбыз: "Энеңизге" деп жооп берген экен. Жанагы киши: "Андан кийинчи?" десе, "Энеңизге" дептир. Төртүнчү жолу сурагандан кийин гана: "Атаңызга" деген экен. Мына ушул хадисти чечмелеп иликтөөчү уламаларыбыз өз эмгектеринде энени перзентиндеги акысы атанын акысына салыштырганда үч эсе көп боло турганы айтылат. Эмне үчүн? Себеби, эне перзентин тарбиялап өстүрүүдө атага караганда көбүрөөк түйшүк тартат. Мына бул терең маани-мазмундуу таалимдер калкыбызга түрдүү залкар ой мурастары, ырлар, кара сөз чыгармалары аркылуу укумдан-тукумга өтүп келген. Бул хадистер алардын тереңинде негиз болуп турат".

Салттуу динибиздин сакчысы болгон атактуу аалым Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф маегинин аягында төмөндөгүдөй ой-тилектерин айтып калтырган: "Кыз-келиндерге, жалпы эле аялдарга айта турган сөздөр, тилектер өтө көп. Мен энелерибиздин, эже-карындаштарыбыздын бардыгы бактылуу болууларын, ар дайым көңүлдүү, курсандык менен жүрүшүн каалар элем. Энелерибиздин, аялдарыбыздын, эже-карындаштарыбыздын, кыздарыбыздын эңсеген бактыларына жана башка максаттарына жетүүлөрү үчүн алар ар дайым аялдык назиктиктерин жоготпостон, сулуу, ажарлуу болуп жүрүүлөрүн камсыздоого дагы көп эмгек кылууга туура келет. Иншаала, андай мезгил келет жана ал баарыбыздын курсанчылыгыбызга себепкер болот деп ойлойм".

Өлкөнүн да, диндин да өнүгүшүнө бирдей ой жүгүртүп, аалымдык касиетин акыйкаттан, калыстыктан тайдырбай өмүр менен эрте кош айтышкан инсандын жогоруда айтылган баалуу сөздөрү ар бир инсанга, ар бир дин кызматкерине исламий тарбия болушу шексиз.

Исламдын тазалыгы, адилеттүүлүгүн элге жайылтам деген дин кызматкерлеринин оозунан маараке-жыйындарда мына ушундай калыс, таза сөздөр чыкса кандай жакшы болор эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG