Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:41

Дача СУда кырсык болгон жерден ок-дарылар жыйналып алынганы айтылды


Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссия 25-августтагы жыйынында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, жергиликтүү бийлик, күч органдарынан алынып, жыйналган материалдарды анализдеп, видео жана фото материалдар менен таанышты.

Анда кырсык болгондон кийин учак кулаган жерден ок-дарылар жыйналып жатканы тартылган видеолор көрүлгөнүн комиссиянын төрагасынын орун басары Мавлян Аскарбеков "Азаттыкка" билдирди.

"Видео материалда кызыктуу фактылар аныкталды, мисалы ок-дарылар жыйналып жатканы тартылган. Бул маалыматты эч ким чыгарган эмес. Учактын ичинде ок-дары болгонбу же жокпу? Эмнеге өзүнчө иш козголгон эмес? Көптөгөн күйбөй калган товарлар жок болуп кеткен. Бул фактылар боюнча тергөөчүгө кат жөнөтүлөт. Президенттик администрация тарабынан жардам иретинде чогулган акча Соцфондго, "Семетей" мейманканасына, жергиликтүү бийликке бөлүнгөн. Ошол комиссияны, ал кездеги администрациянын орун басарын да чакырып угабыз. Соцфонд төрагасын чакырып, бөлүнгөн каражат кайда жумшалганын тактайбыз. Бөлүнгөн 30 млн. ашык, жардам иретинде чогулган акча мыйзамсыз, негизсиз бөлүнгөнү аныкталса, чара көрүү жана кайтаруу аракетин көрөбүз. ", - деди Аскарбеков.

Мындан беш жыл мурда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан. Кырсыктын алгачкы күнүнөн тартып эле каргашанын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруудагы аракеттерге байланыштуу бир топ суроо жаралган.

Документтер боюнча ошол кездеги премьер-министрдин буйругу менен Дача СУ каргашасынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн 2017-жылы 17-январда атайын эсеп ачылып, окуянын себептерин жана кесепеттерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Аны өкмөт башчысынын биринчи орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеп, комиссия төрагасы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, орун басары транспорт министри Жамшитбек Калилов болгон. Анын курамына ошол кездеги министрлер - Абдил Сегизбаев, Эрлан Абдылдаев, Улан Исраилов, Талантбек Батыралиев жана Чүйдүн губернатору Бактыбек Кудайбергенов кирген.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулган жана анда ишин уюштурууга байланыштуу маселелер талкууланып, такталган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG