Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:17

Ош: Абакта каза болгон адам бул мекемеге денеси көк ала абалда түшкөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто тергөө абагында камакта отурган адамдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, териштирүү башталганын 25-августта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-августта болгон.

Бул абакка Кара-Суу районунун 33 жаштагы тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурулук”) негизинде кылмышка шектүү катары кармалган адам Ош милициясынын убактылуу кармоочу жайынан 22-августта которулуп барганы айтылды.

Кабыл алуу учурунда тергөө абагынын кызматкерлери текшергенде анын денесинде көк ала тактар бар экенин аныкташкан, өзү жүрөгү оорулуу экенин айтып берген.

Баштапкы маалыматка караганда, шектүү адам жүрөгү кармап каза болгон. 25-августта маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG