Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны башталат


Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович Кыргызстанга келди.
Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович Кыргызстанга келди.

Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович баштаган делегация Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу маалымат комиссиянын расмий сайтына жарыяланды. Анда белгиленгендей, жаштар форумуна 250дөй делегат катышат.

Жаш активисттер, мамлекеттик кызматкерлер жана дипломаттардын башын бириктирген форум биримдиктин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Анын алкагында жаш активисттер ЕАЭБ өкмөт башчыларынын орун басарлары, комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчы Сергей Лебедев менен жолугары белгиленген.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 25-26-августта Чолпон-Атада өтөт. Анда бир катар эки жана көп тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулары күтүлүүдө. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Евразия экономикалык комиссиянын сайтындагы маалыматка караганда, кеңештин жыйынына уюмга мүчө өлколөрдүн премьер-министрлери катышат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Соңку учурдагы кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүдөгү көйгөйлөр жана Орусиядагы мигранттарга байланыштуу кырдаалдан улам уюмга нааразылык жаратууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG