Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Тажикстан он чакты ооган жаранын мекенине депортация кылды


Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын бийлиги соңку күндөрү кеминде тогуз ооган жаранын өз мекенине депортация кылды. Бул тууралуу 24-августта “Азаттыктын” тажик кызматынын бийликтеги булактары кабарлады.

Анда айтылгандай, коопсуздук органдарынын кызматкерлери качкындарды мекеменин бөлүмдөрүнө чакырган, айрымдарын үйлөрүнөн кармап кеткен. Андан соң аларды чек арага чейин жеткирип, Ооганстанга өткөрүп беришкен.

Журналисттер качкындардын биринин аялы менен да анонимдүү шартта байланышкан. Ал күйөөсү Ооганстанга өткөрүлүп жибергенин, ал өзү Тажикстанда бала-чакасы менен кала бергенин даттанган.

Чыгарылган жарандардын саны мындан да көп болушу мүмкүндүгү айтылды. Мындан сырткары алардын айрымдарында “качкын” деген күбөлүк да болгону маалымдалды.

Тажикстандын расмий бийлиги ооган качкындарына байланыштуу жагдайды комментарийлей элек. Мурдараак өлкөнүн Ички иштер министрлиги жыл башынан бери Ооганстандын 32 жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнүн, аларга протокол толтурулганы менен депортацияланбаганын билдирген эле.

БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссарынын башкармалыгынын Дүйшөмбү шаарындагы кеңсеси качкындарды чыгаруудан кабары жоктугун маалымдады. Алар эгер оогандыктар депортацияланган болсо ал тууралуу бийлик сөзсүз түрдө кабардар кылышы керек деп эсептейт.

БУУнун тиешелүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын жай айларына карата Тажикстанда ооганстандык 8500 качкын жана баш паанек издеген жарандар катталган. Алардын 5700ү былтыр августта ооган бийлигин талибдер басып алгандан кийин келгендер. Көпчүлүк ооган качкындары “Талибан” радикалдык кыймылы тараптан куугунтукка алынуудан коркуп Тажикстанга качканын билдиришкен.

Оогандыктардын көбү Тажикстанды транзит катары пайдаланып, андан ары Канадага же Европадагы башка мамлекеттерге чыгып кетүүнү каалашат. Соңку бир жылда Тажикстанга келген 4 миңдей ооганстандык качкын үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG