Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Бишкекте “Так мураскери” тасмасынын бет ачары болду


“Так мураскери” тасмасы тартылып жаткан учур. 2021-жыл.
“Так мураскери” тасмасы тартылып жаткан учур. 2021-жыл.

Бүгүн, 24-августта “Манас” кинотеатрында “Манастын уулу Семетей” (“Так мураскери”) тасмасынын бет ачары өттү.

Тасманы продюсер Өмүрзак Төлөбеков Эл акыны Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде тарткан.

Анын бюджети 1 млн. долларды түзүп, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылганы айтылган. Көркөм тасмага Эл артисти Эгемберди Бекболиев жана казакстандык режиссер Дархан Кожохан режиссерлук кылган.

Каныкейдин ролун актриса Албина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева, Бакайдын ролун Темирлан Сманбеков, Жакыптын ролун Эшенкул Барпиев ойногон.

“Манастын уулу Семетей” (“Так мураскери”) 2021-жылдын июль айында тартыла баштап, эл ичинде бир топ кайчы пикирлерди жараткан. Ошондон бери манасчылардын жоон тобу, айрым маданий ишмерлер жана тарыхчылар анын элге тартууланышына каршы пикирин айтып келишкен. Алар негизинен “кино талапка жооп бербейт” деген чечимге келип, кээ бир эпизоддорун өзгөртүүнү сунуштаган.

Тасманы тарткандар “Так мураскери” алгач тар чөйрөдө көрүлүп, сунуштар айтылгандан кийин айрым эпизоддор өзгөртүлгөнүн жана 25-августтан тарта кинотеатрларда коюла баштай турганын билдиришкен.

"Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий баалуулуктар тизмесине жана Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген.

Манасчы Саякбай Каралаевдин варианты боюнча “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин көлөмү 500 553 ыр сабынан турат. Ошондой эле "Манастын" Сагынбай Орозбаков, Жусуп Мамай, Актан Тыныбек уулу, Шапак Рысмендеев жана башка манасчылар айткан ондогон варианттары бар. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG