Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Байден Украинанын Эгемендик күнүндө жаңы аскердик жардамды жарыялады


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден Украинанын Эгемендик күнү менен куттуктап, Киевге берилчү аскердик жардам тууралуу жарыялады. Жаңы пакет Орусиянын куралдуу кол салуусунан берки эң чоң жардам болуп калды.

Президенттин билдирүүсүндө айтылгандай, бул жардам Украинага 3 миллиард долларлык курал-жарак жана жабдууларды камтыйт. Анын ичинде абадан коргонуу системалары, артиллериялык системалар, ок-дарылар, учкучсуз учуучу аппараттар жана коргоонуу радарлары бар.

“Америка добушу” радиосунун эсебине ылайык, Байдендин администрациясы иштеп баштагандан бери АКШ Украинага 10,6 миллиард долларлык көлөмдө аскердик жардам берди. Бул каражаттын көпчүлүк бөлүгү соңку жарым жылда, орусиялык агрессия башталгандан бери келди.

Америкалык аткаминерлер AP маалымат агенттигине кабарлашкандай, жардамдын жаңы пакетине согуш талаасына бир-эки жылдан кийин жетчү куралдар да кошулду. Алардын сөзүнө караганда, Вашингтон Украинадагы согуш созулат деп эсептеп жатат. Ошол себептүү учкучсуз учактардын үч тиби жана Украинанын келечектеги коргонуу системасына керектүү жабдуулар берилмекчи.

Жо Байдендин билдирүүсүндө белгиленгендей, соңку алты айда украиндер “өздөрүнүн адаттан тыш эр жүрөктүүлүгү жана эркиндикти жактагандыгы менен дүйнөнү шыктандырды”.

“Алар чечкиндүүлүгү жана күчү менен Орусиянын кеңири масштабдагы кол салуусуна каршы туруп жатат”, – деди президент Байден өз сөзүндө.

Ошондой эле АКШ “бүгүн жана дайыма” украин элин колдой турганын жана “авторитардык режимдердин караңгылыгы эркин адамдардын демин баса албай” турганын билдирди.

Украина 24-августта Эгемендик күнүн белгиледи. Өлкө СССРден бөлүнүп чыкканына туура 31 жыл болду. Бул күнү Орусия украин жергесине басып киргенине толук алты ай болду. Эгемендик күнүнө байланыштуу Украинаны дүйнө лидерлери, анын ичинде Кремлдин өнөктөшү, Беларустун башында турган Александр Лукашенко менен Түркмөнстандын лидери Сердар Бердымухамедов да куттуктады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG