Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

АКШ Сириядагы Иран менен байланышкан объектилерге сокку урду


Сириянын картасы жана андагы Дейр-эз-Зор шаарынын белгилениши. Иллюстрациялык сүрөт.
Сириянын картасы жана андагы Дейр-эз-Зор шаарынын белгилениши. Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык аскерлер Сириянын Дейр-эз-Зор шаарындагы Ирандын “Ислам революциясынын сакчылар корпусунун” куралдуу күчтөрү пайдаланган объектилерге сокку урганын маалымдады.

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын билдирүүсүндө, бул соккулар Иран колдогон топтордун американын күчтөрүнө жасалчу чабуулдарынан коргоо үчүн жасалды.

“Бүгүнкү соккулар АКШнын өздүк курамын коргоо үчүн зарыл болду”, – деп жарыялады Борбордук командачылыктын өкүлү, полковник Жо Буччино.

Ал сокку президент Жо Байдендин тапшырмасы менен аткарылганын кошумчалап, андагы курмандыктар жана башка жоготуулар тууралуу маалымат айткан жок.

Буччино соңку соккуну америкалык аскерлерге жасалган 15-августтагы чабуулдарга жооп деп атады. Өткөн аптадагы чабуулда Иран колдогон жоочулар коё берген учкучсуз учактар америкалык күчтөр пайдаланган Аль-Танф гарнизону аткылаган. АКШнын Борбордук командачылыгы чабуулдан курмандыктар катталбаганын жана олуттуу чыгым болбогонун маалымдаган.

Сириядагы 2011-жылы башталган жергиликтүү каршылыктар көп тараптуу жана көп деңгээлдүү жарандык согушка айланып кеткен. Андагы тараптарды колдогон ондогон өлкөлөр конфликтке аралашып, согуш ушул күнгө чейин созулуп келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG