Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

HRW Тоолуу Бадахшандагы кырдаал тууралуу тажик бийлигине кайрылды


Хорог шаары.
Хорог шаары.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Тоолуу Бадахшандагы жагдайга байланыштуу тажик бийлигине кайрылуу жолдоду. Анда аталган аймактын тургундарына каршы куугунтукту, мыйзамсыз камоолорду токтотуу, сот адилеттиги менен камсыз кылуу чакырыгы жазылган.

Уюмдун кайрылуусунда ушул жылдын май айындагы тоз-тополоңго байланыштуу кармалгандардын соту жабык өтүп, ак жерден соттолуп кетүү коркунучу бар экени белгиленген.

Бадахшандагы кырдаал былтыр ноябрда күч органдарынын операциясынын натыйжасында Рошткала айылынын тургуну Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин курчуп кеткен.

Окуядан кийин аймактын айрым тургундары митингге чыккан. Аларды күч менен таркатууда эки адам каза болуп, 17 киши жаракат алган.

Хорогдо 16-майда Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылгандар нааразылык акция өткөргөн жана ал күч менен басылып, тоз-тополоң менен коштолгон.

Эл аралык укук коргоо уюмдары жана бир катар Батыш өлкөлөрү буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, тажик бийлигин Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундарынын негизги укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого чакырган.

Бул окуялардан кийин тажик күч органдар аймакта ондогон жарандык активисттерди жана нааразылык акцияларынын катышуучуларын камакка алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG