Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:57

Next TV: Таалайбек Дүйшөмбиевдин соту уланат


Таалайбек Дүйшөмбиев.
Таалайбек Дүйшөмбиев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-августта Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин ишин кароону улантат.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) март айында аталган телеканалга каршы "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган.

Тергөө материалдарында "Next TV Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган" деп жазылган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Соттун алгачкы отуруму 21-июлда өткөн. Анда Дүйшөмбиев коюлуп жаткан айыпты моюнуна албай турганын айткан. Телеканалдын күбө катары көрсөтмө берген эфирдик оператору соттук териштирүүгө себеп болгон маалыматтын жарыяланышына Дүйшөмбиевдин тиешеси бар деп айта албай турганын билдирген.

Next TV каналына ээлик кылган оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков чет өлкөлөрдүн элчиликтерине жана эл аралык гуманитардык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканын, буга Дүйшөмбиевдин абакта отурганы мисал экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG