Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:22

ФСБ Дугинанын өлүмү үчүн украин бийлигин айыптады


Дарья Дугина
Дарья Дугина

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) орусиялык саясий технолог, философ Александр Дугиндин кызы – Дарьянын өлүмүнүн себебин аныктаганын жарыялады. Мекеме бул кылмышты Украинанын атайын кызматы ишке ашырды деп эсептейт.

ФСБ шектүү катары 43 жаштагы украин жараны Наталья Вовкту кармады. Орган ал 12 жаштагы кызы менен Орусияга келип, Москвада Дугина жашаган үйгө батирге чыккан жана аны күзөтүп жүргөн деген пикирде.

Мекеменин версиясы боюнча окуя болгон күнү Дугина сыйлуу конок катары катышкан “Традиция” адабий-музыкалык фестивалда Вовк жана анын кызы да болгон. Ошол эле фестивалга Александр Дугин да барган. ФСБ авто кырсыкка кабылгандан кийин Наталья Вовк кызы менен Эстонияга чыгып кетүүгө аракет кылган деп билдирүүдө.

Мурдараак Украинанын президентинин кеңсеси бул окуяга тиешеси жок экенин билдирген. “Украина Орусия сыяктуу кылмышкер, террорчу мамлекет эмес” деген бул жөнүндө комментарий берип жатып украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк.

Дарья Дугина бараткан автоунаа 20-августта Москва облусунда жарылып, ал ошол эле жерде каза болгон. Ал атасы менен чогуу президенттик фонд өткөргөн патриоттук фестивалына катышып, үйүнө кетип баратышкан. Маалыматтарда айтылгандай, Дарья Дугина атасы Александр Дугин экөө бир машинеге түшмөк болуп, кийин кайра эки башка автоунаага олтурушкан.

Орусиянын Тергөө комитети бул окуя боюнча адам өлтүрүү фактысы менен кылмыш ишин козгогон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, автоунаа жүрүп бара жатканда жарылган.

Александр Дугин - “орус дүйнөсүнүн” идеологдорунун бири, ал орус аскерлерин Украинага киргизүүнү жана анын дээрлик бардык аймагын басып алууну жактаган. Дугиндин демилгелери Кремлдин саясатына таасир этет деп эсептешет.

Дарья Дугина атасынын идеялары менен бөлүшүп, коомдук иштер менен да алектенген. Атасы менен бирге ал Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG