Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун аты-жөнү расмий жарыяланды


Кырсык болгон жер. Орусиянын Ульяновск облусу.
Кырсык болгон жер. Орусиянын Ульяновск облусу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жарыялады. Каза болгон кыргызстандыктардын эң жашы 22, улуусу 63 жашта. Буга чейин министр Бообек Ажикеев маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча көрүлгөн аракеттер тууралуу "Азаттыкка" маек курган. Анда министр каза болгондордун бешөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары экенин айткан.

Ош облусу:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2. Бекмурзаева Диана Акылбековна - 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек - 22.07.1999, Араван району, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна - 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Жалал-Абад облусу:

1. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич - 24.04.2000, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
2. Мусабаева Элнура Турганбаевна - 01.11.1980, Жалал-Абад шаары.
3. Ормонбек кызы Алина - 22.01.1995, Таш-Көмүр шаары.
4. Турсуналы уулу Адилет - 05.10.1999, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
5. Каныбек уулу Азиз - 13.01.1976, Сузак району, Жыгач-Коргон айылы.

Баткен облусу:

1. Абдуллаева Ойгул Гани кызы - 29.03.1991, Кадамжай району, Марказ айылы.
2 Акылбек уулу Майрамбек - 27.12.1997, Кадамжай шаары.
3. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович - 12.10.1986, Кадамжай району, Марказ айылы.
4. Арыстанбек уулу Нуртилек - 24.10.1996, Баткен району, Табылгы айылы.
5. Ирисбаев Алмазбек - 11.07.1978, Кадамжай району.

Ооруканада жаткандар:

1. Алибаева Айгүл - 23.04.1981, Баткен шаары.
2. Бекназар уулу Сыймык - 18.06.2001, Баткен району, Согмент
3. Абдусалим уулу Таалайбек - 13.11.1993, Ош облусу., Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ооруканадагы үч жарандын экөө жалпы палатага которулганын, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады.

21-августта Ульяновскидеги ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканага жеткирилген.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өмүрүн калган кырсыкка байланыштуу 22-августта кайрылуу жасады. Анда 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирди.

Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга 23-августта алынып келинет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG