Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Жалал-Абадда ок атылган калайман мушташка шектүүлөр кармалды


Калайман мушташка шектелип кармалгандар. Жалал-Абад, 22-август, 2022
Калайман мушташка шектелип кармалгандар. Жалал-Абад, 22-август, 2022

Жалал-Абад облусунун Көк-Арт шаарчасындагы ок атылган калайман мушташка тиешеси бар делип 10 чакты бала кармалды. Алар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилгенин облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, милицияга шаардын Азимов көчөсүндө бир топ жаш балдар топтолуп мушташып жатканы тууралуу кабар 21-август күнү саат 03.30 чамаларда түшкөн.

"Түнкү кайгуул тобу окуя болгон жерге 7-10 мүнөт аралыгында барганда окуяга тиешеси бар делген жарандар жашынып же качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Тиешелүү материалдар топтолуп, текшерүү иштери башталган. Учурда видеотасмалар алынып, ага тиешеси бар делген 10 чакты бала алынып келинип, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат облустук милиция тараткан маалыматта.

Социалдык тармактарга он чакты бала кубалашып бараткан видео тараган. Анда балдардын кыйкырыктарын, ок атылганын угууга болот.

Соңку учурда коомдук жайларда катталган жаңжалдарда курал колдонулуп, жарандардын ок чыгарганы тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Бишкек шаардык милициясы 12-августта ок атылып, бир адам жараат алган окуяга байланыштуу "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Милиция тараткан маалыматка ылайык, оң санына ок жаңылган адам тууралуу маалымат 7-августта түшкөн. Окуя болгон жерден бир тапанча менен ок табылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG