Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Севастополдо кайрадан жарылуунун добушу угулду


Севастополдун Орусия дайындаган башчысы Михаил Развожаев (ортодо). Севастополь, 31-июль, 2022-жыл
Севастополдун Орусия дайындаган башчысы Михаил Развожаев (ортодо). Севастополь, 31-июль, 2022-жыл

Аннексияланган Крым жарым аралынын Севастополь шаарында 21-августта эртең менен кайрадан жарылуулардын үнү угулду. Бул тууралуу Крым.Реалии сайтынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Севастополдун орусиячыл бийлиги 20-августтун кечинде абадан коргонуу системасы иштегенин жарыялап, шаар тургундарын бул системаларды видео-сүрөткө тартып Интернетке жүктөбөөгө чакырды. Жалпыга маалымдоо каражаттары Кара Деңиздин Оленевка аймагында да абадан коргонуу системасы иштегенин жазышты.

Акыркы күндөрү Крымда жана Севастополдо бир катар жардыруулар болду. Орусиянын бийлиги учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн билдиргени менен бирок аны ырастаган далилдерди келтирген жок. Социалдык тармактардын колдонуучулары Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатканы тууралуу видеолорду жарыялаган.

9-августта Крым жарым аралындагы орусиялыктар колдонгон “Саки” аскердик аэродромунда удаа жарылуулар катталган. Орусиянын бийлиги анда бир адам өлүп, 14ү жаракат алганын билдирген. Бир нече үй талкаланган. Орусиянын Коргоо министрлиги анда аэродромдун аймагында авиациялык дүрмөттөр детонация болуп, жарылып кеткенин жарыялаган. Мекеме сырттан чабуул болгонун четке каккан.

16-августта Крымдын Жанкой шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Майское айылында катар-катар жарылуулар болгон.

18-августта Орусиянын “Белбек” аба майданынын аймагында жарылуулар угулган. Шаарга жакын жайгашкан Севастополдун жана Бахчисарай районунун бир нече тургуну “жардыруулардын жана ок атышуулардын үндөрүн” укканын айтышкан.

Украинанын бийлиги Крымдагы жарылууларга тиешеси бар экенин тактай элек. Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG