Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Ысык-Көлдү торлордон тазалоо башталды


Көлдөн табылган балык уулоочу торлор.
Көлдөн табылган балык уулоочу торлор.

Ысык-Көл облусунда көлдү мыйзамсыз балык уулагандардын торунан тазалоо башталды. Облустун ички иштер башкармалыгы көлдү тазалоого милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тийиштүү органдар катышып жатканын маалымдады.

20-августта башталган рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн бардык акваториясында, жээктен 30-35 чакырым алыстыкта жана 25-30 метрге чейинки тереңдикте браконьерлердин торлору алынат. Баасы арзан болгондуктан браконьерлер балык кармагандан кийин балык уулоочу торду чыгарбай кетишет.

19-августта президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов баштаган жетекчилерге президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкты ишке ашыруудагы кемчиликтер үчүн эскертүү берилген.

Ысык-Көл милициясы жыл башынан бери экологиялык коопсуздук багытында 100 кылмыштын бети ачылганын билдирди. Аныкталган фактылар боюнча 64 кылмыш иши козголуп, анын 16сы боюнча тергөө бүтүп, сотко өткөн. Жалпы материалдык зыян 2 млн. 970 миң 522 сомду түзгөн.

Рейд учурунда Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 27 500 метр 275 браконьерлик торлор тазаланып алынган. Мыйзамсыз балык уулаганы үчүн 25 браконьер кармалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG