Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:05

Украина аскерге милдеттүүлөргө өлкөдөн бир жумага чыгууга уруксат берет


Украинанын өкмөтү 1-сентябрдан баштап аскерге милдеттүү эркектерди – товарын экспортко жиберген компания өкүлдөрүн жети күнгө чейин чет өлкөгө чыгууга уруксат берди. Бул тууралуу экономика министри Юлия Свириденко маалымдады.

Айлык маянасы 20 миң гривенден ашкан (540 доллардай) жана салык, акча чогултууларда карызы жоктор чыга алат. Ишкана кызматкерлеринин 10% кызматкери сыртка чыгарууга уруксат берилет. Бирок 10 адамдан ашпашы керек. Компания ар бир кызматкери үчүн 200 миң гривен күрө каражатын "Ощадбанкка” төгөт. Кызматкер кайтпай калган учурда ал каражат Коргоо министрлигине которулат.

Свириденко бул чечим украиналыктардын эл аралык иш-чараларга катышууга, ар кандай келишимдерди түзүү сыяктуу бизнеске зарыл кадам экенин айтты.

Украинага Орусия согуш ачкандан кийин украин бийлиги аскерге милдеттүү эркектерди өлкөдөн сыртка чыгуусуна тыюу салган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG