Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:26

Алымкадыр Бейшеналиев "Алтын балалыкка” жетекчи болуп дайындалды


Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси. 1-июнь, 2022-жыл.
Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси. 1-июнь, 2022-жыл.

Саламаттык сактоо министри кызматынан алынган Алымкадыр Бейшеналиев “Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков “Азаттыкка” билдирди.

“Азыр аны коллектив менен тааныштырууга келдим. Өзүн күтүп жатабыз”, - деди Касымбеков.

Убактылуу кызматынан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынды.

Алымкадыр Бейшеналиев козголгон кылмыш ишине байланыштуу убактылуу кызматынан четтетилген. Бейшеналиев 2-июнда "коррупцияга" айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина сатылып алынышынан улам айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш ишин козголгонун билдирген. 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген.

Учурда Cаламаттык сактоо министринин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жатат.

Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" борбору быйыл 1-июнда ачылган. Ал жерде аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү бар. Комплекс бир мезгилде 400 баланы энеси менен кабыл алууга ылайыкташкан. Мекемеде медициналык илим изилдөө бөлүмү да иш алып барат.

Борбордун ачылышында президент Садыр Жапаров курулуш иштерин бүтүргөн ошол кезде министр болуп турган Алымкадыр Бейшеналиевге ыраазычылык айткан.

“Алтын балалыкты” мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн “Мээрим” кайрымдуулук фонду 2000-жылы кура баштаган. 2005-жылы бийлик алмашып, Акаевдер өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери борбордун курулушу аяктабай турган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG