Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Колдошев музыкалык окуу жайдагы кылмыш иши жөнүндө түшүндүрдү


Түмөнбай Колдошев.
Түмөнбай Колдошев.

Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин жетекчиси Түмөнбай Колдошев мекемедеги каржылык маселе боюнча кылмыш иши жөнүндө түшүндүрмө берип, учурда тергөө жүрүп жатканын маалымдады. Колдошов видео кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган.

Анын айтымында, окуу жайдын бухгалтери коллежде иштебеген үч кишиге жана өзүнө мыйзамсыз акча которуп жүргөн. Колдошев бул маалымат бухгалтери иштен бошогондон кийин билингенин айтып, бирок акчаны кайтарып берем деген убадасынан кийин укук коргоо органдарына кайрылбаганын белгилейт.

“Мен башында эле айтып койсом, ал акчаларга менин эч кандай тиешем жок. Жетекчи катары кол коюп, мөөр баскан эмесмин. 40 миң сомдой акча кассага которулган. Калгандары кайтарыла элек болчу. Иш Биринчи май райондук прокуратурасында тергелип жатат. Мен дагы суракка бардым. Тергөө бүтсүн, ким күнөөлүү болсо жооп беребиз. Мен дагы жетекчи катары жоопкерчилигимди сезип жатам”, - деди Колдошев.

Колдошев канча каражат мыйзамсыз которулганы жөнүндө айткан жок. Азырынча укук коргоо органдары Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежиндеги каржылык иш боюнча маалымат бере элек. Буга чейин айрым жергиликтүү сайттардагы маалыматта мамлекетке 600 миң сомдой зыян келгени кабарланган.

Окуу жай 1992-жылы Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежи болуп кайрадан түзүлгөн. 2013-жылы колледжге белгилүү композитор Таштан Эрматовдун ысымы ыйгарылган. Жалпы 1200дөн ашуун студент билим алат. Коллежде студенттер үчүн 300 орундуу жатакана, ашкана, илимий китепкана, окуу залы, спорттук зал жана салтанаттуу жыйындар залы бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG