Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:09

Макрон менен Путин телефондон сүйлөштү


Владимир Путин менен Эммануэл Макрон.
Владимир Путин менен Эммануэл Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын президенти Владимир Путин менен 19-августта телефондон сүйлөштү.

Франциянын президентинин администрациясы кабарлагандай, Макрон Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) эксперттеринин миссиясын станцияга эртерээк жөнөтүүнү колдоду. Путин бул миссияга макулдугун билдирди.

Эммануэл Макрондун басма сөз кызматы эки президент бул теманы жакынкы күндөрү дагы талкуулай турганын кошумчалады.

Кремлдин маалыматы боюнча, сүйлөшүү Франциянын демилгеси менен өттү. Орус тарап ошондой эле сүйлөшүүдө Путин “БУУ менен Кызыл чырым уюмунун эксперттерин Еленовкадагы абакка чакырганын” билдирди.

Запорожье атомдук электр станциясы орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткылоого кабылып, кырсык болот деген коркунуч жаралды. Аткылоо үчүн Украина менен Орусия бири-бирин айыптап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG