Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Москва Запорожье АЭСи боюнча БУУнун сунушун четке какты


Запорожье АЭСи.
Запорожье АЭСи.

Москва Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин Украинанын түштүгүндөгү Орусия басып алган Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасында демилитаризацияланган аймак түзүү сунушун четке какты.

18-августта брифингде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Иван Нечаев мындай сунуштар “кабыл алынгыс” деп атады.

Запорожье атомдук электр станциясы орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткылоого кабылып, кырсык болот деген коркунуч жаралды. Аткылоо үчүн Украина менен Орусия бири-бирин айыптап жатат.

БУУ Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) инспекторлорун Запорожье атомдук электр станциясына баруусу үчүн көмөк көрсөтүүнү сунуштады. Бирок Москва миссиянын Киев аркылуу өтүү демилгесин четке какты.

Украинанын Запорожье атомдук электр станциясы ушул тапта орус аскерлеринин көзөмөлүндө турат. Аны украин кызматкерлери башкарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG