Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:11

Иранда митингге чыккандар “президентке өлүм” деп ураан чакырышты


Ирандын Шахрекорд шаарында таза сууга байланыштуу митингге чыккандардын видеосунан алынган скриншот. 16-август, 2022-жыл.
Ирандын Шахрекорд шаарында таза сууга байланыштуу митингге чыккандардын видеосунан алынган скриншот. 16-август, 2022-жыл.

Ирандын Чахармахал жана Бахтиари провинциясында ичүүчү суунун жетишсиздигине байланыштуу жүздөгөн адамдар митингге чыгып, президент Ибрагим Раисинин ысымын атап, “Раисиге өлүм” деп ураан чакырышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” Иран кызматы – “Фарда” радиосу кабарлады.

Социалдык түйүндөргө тараган видеолордо көрүнүп тургандай, акция 16-августта аталган провинциянын административдик борбору Шахрекорд шаарында өттү. Аталган аймакта 10 күндөн бери суу жок, тургундар жалаң жүк ташуучу автоунаалар менен гана суу алып келип ичип жатышат.

Нааразылыкка чыккандардын арасында коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү да жүргөнү байкалды. Бирок кагылышуу жана тирешүү тууралуу маалыматтар чыккан.

Жалпы эле суу жетишсиздигинен жабыркаган Ирандын Чахармахал жана Бахтиари провинциясындагы кризис андагы Коранг аттуу суу кампасы суу менен камсыз кылуучу системадан чыгарылгандан кийин күчөгөн. Провинциянын тиешелүү суу башкармалыгынын башчысы Ахмадреза Мохаммади мурдараак чыккан суу ташкындан улам кампанын суусу булганып, системага кошулбай жатканын билдирген.

14-августта Ирандын энергетика министрлигинин өкүлү Этезад Могими суу тазалоочу курулмалар эксплуатацияга берилерин жана суу жеткирүү бир сутканын ичинде чечилерин убада кылган. Бир нече сутка өткөнүнө карабай аймакта суу маселеси чечилген эмес.

Акыркы айларда Иранда жашоо шарттын оорлошуна, кымбатчылыкка, айлык-акынын аздыгына байланыштуу ондогон нааразылык акциялары өтүп жатат. Өлкө өзүнүн өзөктүк программасына байланыштуу АКШнын санкцияларынан көп жабыр тарткандан кийин көп экономикалык кесепеттерге туш болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG