Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:31

Өкмөт: "Асман" шаарын, жаңы стадион куруу долбоорлору талкууланды


“Асман” шаары курулат деген баштапкы жер. Ысык-Көл.
“Асман” шаары курулат деген баштапкы жер. Ысык-Көл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-августта Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Бишкектин жанындагы 7 миң орундуу спорттук-маданий комплексин, Ысык-Көл облусундагы "Асман" экологиялык таза шаарын, ошондой эле Чүйдөгү Орок айылында 22 миң орундуу стадиону бар "Бишкек Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу долбоору талкууланды.

"Мындан сырткары Бишкектеги №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралды. Акылбек Жапаров бул долбоорлорду сапаттуу иштеп чыгуу маанилүү экенин белгиледи. Аталган долбоорлор жагымдуулугу, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана экологиялык жактан тазалыгы боюнча тыкыр ойлонулушу шарт экенине токтолду",- деп айтылат маалыматта.

Президенттин администрациясы Ысык-Көлдө “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк, бирок быйыл май айында шаар түшчү аймак өзгөргөнү белгилүү болгон.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, “Асман шаарынын курулушуна жол жок” деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака-белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кирерин, шаар курулса экологиялык катастрофа жаралышы ыктымал экенин эскертишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG