Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Алексей Навальный түрмөнүн айып изоляторуна киргизилди


Алексей Навальный учурда Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат.
Алексей Навальный учурда Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат.

Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный күчөтүлгөн тартиптеги колониянын айып изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчалары аркылуу жарыялады. Анда негизинен "формасынын үстүңкү топчуларын топчулабай койгону үчүн" деп жаза берилгенин, бирок түрмөдө отургандардын жана абак кызматкерлеринин кесиптик кошуунун түзгөнү үчүн ушундай чара колдонулуп жатканын билдирди.

Өткөн аптада Навальный "Промзона" деп аталган кесиптик кошуун негиздегенин, Федералдык жаза аткаруу кызматына жана колониянын башчысына маалымат жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Ошол эле маалда кесиптик кошуунда азырынча өзүнөн башка эч ким жок экенин, соттологондор чочулап жатышканын, мындай кооптонуу негиздүү экенин белгилеген.

Саясатчы өткөн айда коррупцияга каршы жаңы фонд негиздегенин жарыялаган.

Навальный учурда Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат.

Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционердин экинчи ишине байланыштуу тогуз жылга эркинен ажыраткан. Москва шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Сот Навальныйды "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Мындан сырткары ага "мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен" деген кине тагылган.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары коюлган айыптарды саясий куугунтук деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG