Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Чек ара: бодо мал аткезчилигине байланыштуу бир нече факт катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы соңку дем алыш күндөрү бодо мал аткезчилигине байланыштуу бир катар факты катталганын билдирди.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда 13-августта кыргыз-өзбек чек арасын бузуп, жети жылкыны айдап бараткан Кыргызстандын жараны кармалды. Мындан көп өтпөй аталган облустагы Акы районунда Өзбекстанга жети бодо мал айдап бараткан дагы бир кыргызстандык колго түшкөн.

Талас облусунда 14-августа кыргыз-казак чек арасынан 17 баш бодо мал жүктөлгөн машина кармалган.

Чек ара кызматы аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган малдын баасы алдын ала бир миллион сом деп эсептелгенин билдирди. Кармалганда тишелүү органдарга өткөрүлүп берилгенин кабарлады.

Буга чейин чек арадагы аткезчиликтин айынан ок атылган, адам өлүмү менен аяктаган учурлар катталган. Апрель айында Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандын жоокерлеринин огунан кыргызстандык бир тууган ага-инилер мерт болгон. Алар аткезчилик жол менен коңшу мамлекетке жүк ташып жүргөнү айтылган.

Кыргыз-өзбек чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабык турган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери 2016-жылдан бери жакшыра баштагандан тарта гана ал бекеттер кайра ачыла баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG