Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

ТИМ: Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен ишти күчөтүү тапшырылды


Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат.

Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын жарым жылдыгына байланыштуу коллегияда элчиликтердин баарына чет жерде жүргөн кыргыз жарандарынын укугун жана кызыкчылыгын камсыз кылуу тапшырмасы берилгенин билдирди. Ага ылайык, дипломаттар диаспоралар менен маал-маалы менен жолугушууларды өткөрөрү, алардын маселесин чечүү тууралуу консультациялар уюштурулары маалыматта жазылган.

“Ушундан улам Орусиядагы кыргыз жарандары көтөргөн көйгөйлөргө байланыштуу кошумча консультациялар уюштурулат. Министр Москвадагы кыргыз элчиси Гүлнара-Клара Саматка диаспоралардын өкүлдөрү менен маал-маалы менен жолугушууларды өткөрүп турууну тапшырды. Орусиядагы кыргыз мигранттарынын маселелери мамлекеттер аралык алаканын бардык деңгээлинде талкууланып жатат”,-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Москвада Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштурган жолугушууга байланыштуу сын-доомат айтылган. Анда кыргызстандык мигранттар элчи Гүлнара-Клара Самат келбей койгонуна нааразы болушкан.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта бир миллиондон ашык кыргыз жараны сыртта жүрөт жана алардын басымдуу бөлүгү Орусияда жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG