Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:40

Салман Рушдинин өмүрүнө кол салган кишиге айып тагылды


Салман Рушдиге кол салууга айыпталган киши, АКШ. 13-август, 2022-жыл
Салман Рушдиге кол салууга айыпталган киши, АКШ. 13-август, 2022-жыл

Жума күнү бычактан жараат алган жазуучу Салман Рушди өз алдынча дем алып, сүйлөй баштады. Бул тууралуу маалыматты 13-августта анын агенти Эндрю Уайли ырастады. Буга чейин Рушди ИВЛ жабдуусуна туташтырылган.

Анын алдында Нью-Йорк штатынын Чаутоква округунун бийлиги 75 жаштагы британиялык жазуучунун өмүрүнө кол салган кишиге айып тагылганын билдирген. Полициянын маалыматына караганда, Нью-Жерсинин 24 жаштагы тургуну Хади Матар камакка алынды. Анын ата-энеси АКШга Ливандан көчүп барганы белгилүү болду. Матар күнөөсү жоктугун айтууда. Аны кылмышка эмне түрткөнү белгисиз.

Окуя 12-августта, Рушди Chautauqua Institution билим берүү борборунда дарс окууга даярданып жаткан маалда болгон. Белгисиз адам сахнага чуркап чыгып, ага бычак сайып, муштуму менен токмоктогон. Жазуучуну тик учак менен жергиликтүү ооруканага жеткиришкен.

АКШ президенти Жо Байден, британ премьери Борис Жонсон кол салууну айыпташты.

1989-жылы Рушдинин “Шайтандын аяттары” деген китеби жарык көргөндө Ирандын ошол кездеги руханий көсөмү аятолла Хомейни чыгарма “Мухамед пайгамбарга акаарат келтирет” деп, жазуучуну өлүм жазасына тартуу фатвасын чыгарган. Жазуучунун башына ири көлөмдөгү сыйлык сайылган. Хомейни 1989-жылы дүйнө салган. Бирок анын мураскери аятолла Али Хаменеи 2005-жылы фатва күчүндө кала берерин билдирген.

Рушдинин өмүрүнө болгон коркунучтан улам британ бийлиги 1989-жылы мартта Тегеран менен дипломатиялык мамилесин үзүп, жазуучуну бир нече жыл полиция кайтарып, жашыруун жерде жашап келген. Бир нече өлкөдө китепке тыюу салынган.

Иран 1998-жылы Британия менен мамилесин калыбына келтиргенде фатваны өзгөртө албасын, себеби аны 1989-жылы дүйнө салган Хомейни гана жокко чыгара аларын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG