Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55

Кой-Таш иши: Атамбаевден башкасынын бөгөт чарасы белгиленди


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Биринчи Май райондук сотунда 12-августта Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму өтүп, анда мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеевдин өтүнүчү менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башка 13 айыпталуучуга эч жака кетпөө тил каты менен бошотуу бөгөт чарасы белгиленди. Бул тууралу соттон кабарлашты.

Сотто мамлекеттик айыптоочу буга чейин алардын бөгөт чарасы белгиленген эмес деп түшүндүрдү.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбев баштаган, мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков жана Атамбаевдин бир нече тарапташы айыпталып жатат. Айыпталып жактандардан Атамбаевден башкасы эркиндикте. Алардын көпчүлүгү буга чейин эле үй камагына чыгышкан, айрымдары эч жака кетпөө тил каты менен камалган эмес.

2019-жылы Кой-Ташта 7-8-август күндөрү күч кызматкерлеринин Атамбаевди кармоо операциясында бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) мерт болуп, жалпысынан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, 40 УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG