Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:18

Ишкер Шаменов “Азия Моллдогу” окуя боюнча милицияда сурак берип чыкты


Илгиз Шаменов.
Илгиз Шаменов.

Бишкектеги “Азия Молл” соода борборунан машинесинен жардыруучу зат табылганын айтып чыккан ишкер Илгиз Шаменов Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө сурак берип чыкканын “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, милиция анын акыркы убактарда кайда барганын, ким жардыргыч зат коюшу мүмкүн экенин сураган.

Азырынча милиция бул боюнча маалымат бере элек. Буга чейин “Азия Моллдогу” окуя тууралуу толук маалымат бир аздан кийин болорун билдирген. Айрым жергиликтүү сайттар булактарына таянып машинеден граната табылганын жазып, видеосун жарыялап жатышат.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү бүгүн, 11-августта саат 13:56 чамаларында “Азия Молл” соода борборунан бомба бар экени жөнүндө анонимдүү маалымат түшкөнүн маалымдаган. Соода борборго ыкчам-тергөө топ келип, жарандар сыртка чыгарылган.

Шаменов машинесинен жардыруучу затка окшош буюм (граната) табылганын айткан. Ал Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Балык чарба жаатында ишкерлик жүргүзөт жана Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы болуп келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG