Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:24

Орусияда кыргызстандык аял баласын сатууга шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда баласын сатууга шектелген аял кыргыз жараны экени аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Екатеринбург шаарындагы консулдук Орусиянын Тергөө комитетинин Свердлов облусунун тергөөчүлөрү менен жолугушкан. Кармалган шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы маалымдалган. Учурда баланы социалдык мекемеге жайгаштыруу аракети жүрүп жатат. Консулдук шектүүгө укуктук жардам катары жактоочу жана котормочу таап берет.

Буга чейин айрым орусиялык маалымат каражаттары «Екатеринбург шаарынын тургуну карызынан кутулуу үчүн баласын сатууга аракет кылган» деп жазып чыгышкан.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда миллиондон ашык кыргызстандык мигрант эмгектенет. 16-июлда Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусияда ата-энесинин кароосу жок калган кыргызстандык алты бала мекенине жөнөтүлгөнүн билдирген. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кайтып келген балдарды оболу үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Эгерде баланын туугандарын табууга мүмкүн болбосо, асырап алууга берүү маселеси каралат.

2011-жылдан тартып Орусиянын ар кайсы шаарларында кыргызстандык мигранттар балдар үйлөрүнө таштап кеткен ымыркайларды алып келүү аракети башталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG