Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:23

Табарсыгы жарылганча сабалган жоокердин окуясы: кылмыш иши токтотулду


Бекзат Эсенбеков.
Бекзат Эсенбеков.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу (ӨКМ) Чүйдүн Беловодск айылындагы аскердик бөлүктөгү жоокердин катуу сабалышына байланыштуу кылмыш иши 8-августта токтотулду. Бишкектеги Биринчи май райондук соту муну тараптардын элдешип алганы менен түшүндүрдү.

“Кармалган адам өтө оор эмес кылмышка айыпталып жаткан. Андан сырткары сот отурумунда жабырлануучу тарап элдешип алышканына жана материалдык чыгымы өндүрүлүп берилгенине байланыштуу ишти териштирүүнү токтотуу тууралуу өтүнүч келтирген. Ошондой эле айыпталуучуга эч кандай дооматы жок экенин айткан”, - деп айтылат маалыматта.

Аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан Бекзат Эсенбеков 1-июнда катуу сабалып, табарсыгы жарылып ооруканага түшкөн. Башкы прокуруратура бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгогон жана келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан бир аскер кызматкери кармалган.

Сабалган жоокердин жакындары интернет аркылуу кайрылуу жолдоп, укук коргоо органдарынан, бийликтен жардам сурашкан жана келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири Эсенбековдон акча талап кылып, ур-токмокко алганын айтышкан.

Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулук иликтенерин билдирген.

Жоокердин сабалышы: аскер бөлүктүн ичиндеги абал
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:01 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG