Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:27

Низовскийдин тарапташтары атайын кызматтын алдына чогулду


Юрий Низовскийдин тарапташтары. 9-август, 2022-жыл.
Юрий Низовскийдин тарапташтары. 9-август, 2022-жыл.

Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовскийдин 30га жакын тарапташы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында чогулушту. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, чогулгандар Низовский "атайын кызматтын шаардык башкармалыгында экенин" айтышып, ошол жакка жөнөп кетишти.

Алар УКМКдан Юрий Низовский эмнеге камалганын жана анын ден соолугу тууралуу маалымат берүүнү талап кылып жатышат. Өзүн Ирина Попова деп тааныштырган жаран нааразы болуп топтолгондордун арасында №61 мектепти бүтүргөндөр, окуучулардын ата-энелери бар экенин айтты:

“УКМКга алып кирип кетишти, мектептин эшигине мөөр басылыптыр, ага эмне деген айып коюлган билбейбиз, ал-акыбалы белгисиз. Бул жакта чогулдар ал качанкыга чейин кармаларын, кандай айып коюлганын жана анын ден соолугу жөнүндө маалымат берсе деп суранабыз”, - деди ал.

Тарапташтары директордун мүлкү жөнүндө интернетте ар кандай маалыматтар тарап жатканын, алар чындыкка дал келбей турганын айтышууда.

Низовский УКМКда сурак берип жатканы бүгүн кечинде белгилүү болгон. Ал УКМКга суракка чакырылган, азырынча чыга элек жана “мыйзамсыз баюуга” шектелип жатканы кабарланган.

Азырынча УКМК жана башка тиешелүү мекемелерден бул кабарды тактоого мүмкүнчүлүк боло элек.

27-июлда Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылгандар шаардын Горький багында акция өткөрүшкөн. Буга чейин ал "директорлорду тандоо боюнча сынакка катышуу анын ар-намысына шек келтирген кадам" болорун айткан.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланган. Ага ылайык өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин директорлугуна сынак башталды.

12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетиши керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG