Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Жапар Ормонов Чолпон-Атанын мэри болуп дайындалды


 Жапар Ормонов .
Жапар Ормонов .

Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Жапар Ормонов дайындалды. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ормонов бүгүн Чолпон-Ата мэриясынын жамаатына тааныштырылып, ишке киришти. Шаарды буга чейин Бердибек Иманбеков башкарып келген эле.

49 жаштагы Ормонов буга чейин Оштун вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинен ат салышкан. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын учурунда Ош шаарында аны белгисиз адамдар катуу ур-токмокко алганы кабарланган эле.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG