Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Элчи Украина менен товар жүгүртүү боюнча сүйлөшкөнүн билдирди


Кыргызстан менен Украинанын желеги. Иллюстрация
Кыргызстан менен Украинанын желеги. Иллюстрация

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов 4-августта Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Геннадий Чижиков менен жолугуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын жандандыруу жөнүндө сүйлөшкөнүн маалымдады. Элчи бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда Кадыркулов Украинанын Соода-өнөр жай палатасына Кыргызстандагы инвесторлорго карата жеңилдиктер, шарт жөнүндө айтып берген. Украинадагы кырдаалга байланыштуу элчи жаңы логистикалык жолдорду издөө маселесин сүйлөшкөн. Кадыркулов дагы жолугушуу болорун кошумчалады.

24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Согуш миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери айтып келет. Учурда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү канча экени белгисиз.

Буга чейин Украинада жалпы жонунан 1350дөй кыргызстандык бар экени белгилүү болгон. Алардын көбү согуш башталганда Венгрия, Польша, Молдова, Румыния, Болгария жана Түркия аркылуу Кыргызстанга чыгарылган. Элчиликтин маалыматына караганда, Украинанын ар кайсы шаарында 60тын тегерегинде кыргызстандык кетпей калып калган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG