Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:56

Беларуста нааразылык акцияга катышкан журналист өлкөдөн чыгып кетти


Оксана Колб.
Оксана Колб.

Беларустагы “Новый Час” гезитинин башкы редактору Оксана Колб өлкөдөн чыгып кеткенин “Азаттыктын” беларус кызматы билдирди. Буга чейин ал нааразылык жүрүштөргө катышкандыгы үчүн эки жарым жылга кесилген. Ал Беларустан чыгып кеткенин Фейсбуктагы баракчасына да жазды. Бирок кайсы мамлекетке экенин ачык айткан жок.

Оксана Колб 2020-жылдын 16-августунда нааразылык акцияга катышканы үчүн быйыл июнь айынын ортосунда Минск шаарынын соту тартипти одоно бузган деген айып менен ага эки жарым жыл жаза берген. Ал жазасын өтөй турган абакка жеткизилгенге чейин эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошотулган.

Журналист 2022-жылдын 20-апрелинде кармалган. Эки күндөн кийин кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Мамлекеттен каржыланбаган жападан-жалгыз “Новый Час” гезити 2002-жылдан бери беларус тилинде чыгып келаткан. Акыркы жылдары ал 7 миң нускага жеткен. 2020-жылы Беларуста массалык нааразылык акциялары башталгандан кийин Оксана Колб жана басылманын журналисттери бир нече жолу кармалып, тинтүүгө алынып, алардын жабдуулары конфискация болгон.

Басмаканалар гезитти басып чыгаруудан баш тарткандыктан 2021-жылы гезит кагаз түрүндө чыкпай калган. Былтыр күзүндө басылманын сайты да жабылган. Ошондон бери журналисттер материалдарды социалдык тармактарга жарыялап келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG