Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Пакистанда депутатка кол салууда төрт киши каза тапты


Полиция кызматкерлери.
Полиция кызматкерлери.

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер Пахтунхва провинциясында жергиликтүү кеңештин депутатына жасалган кол салуудан төрт киши, анын ичинде эки полиция кызматкери мерт кетти.

Мыйзам чыгаруучу Лиякат Хан ооруканага жеткирилди. Дарыгерлердин айтымында, ага операция жасалды жана өмүрүнө коркунуч жок.

Полициянын маалыматына караганда, депутат жакындары менен келаткан маалда белгисиз куралчан адамдар кол салышкан. Каза болгондордун арасында анын жээни жана агасы бар. Чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз моюнуна ала элек.

Лиякат Хан мурдагы өкмөт башчы Имран Хан жетектеген «Техрик-и Инсаф» партиясынын мүчөсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG