Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:19

«Роснанонун» мурдагы башчысы Чубайс ооруканадан чыкты


Орусиянын мурдагы вице-премьер-министри жана «Роснанонун» экс-жетекчиси Анатолий Чубайс.
Орусиянын мурдагы вице-премьер-министри жана «Роснанонун» экс-жетекчиси Анатолий Чубайс.

Орусиянын мурдагы вице-премьер-министри жана «Роснанонун» экс-жетекчиси Анатолий Чубайс ооруканадан дарыланып чыкты. Бул тууралуу Италиянын La Repubblica басылмасы жазды.

Врачтардын эсебинде Чубайс иммундук системаны жабыркатуучу Гийена-Барре синдромуна чалдыккан. Басылманын маалыматына караганда, Чубайс Франкфурт шаарына реабилитацияга жөнөп кетти. Орусиялык саясатчы ооруканага июль айынын соңунда түшкөн.

Гийена-Барре синдромунун пайда болушуна эмне себеп болору так белгисиз. Көбүнчө бактериялык же вирустук инфекциялардын кийин өөрчүп кетет. Бул ооруга чалдыккан адамдын буту-колу шал болуп, кыймылдабай калат. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму билдиргендей, бейтаптардын көбү айыгат.

Март айында Чубайс кызматын таштап, Орусиядан чыгып кеткени маалым болгон. Ал буга чейин Орусия президентинин туруктуу өнүгүү жана эл аралык уюмдар менен байланышуу маселелери боюнча атайын өкүлү болчу.

Bloomberg агенттиги Чубайс Орусиянын Украинага кол салышына каршылыгын билдирүү максатында ушундай кадамга барганын жазган. 67 жаштагы Чубайс буга чейин бир катар жогорку кызматтарда, анын ичинде мурдагы президент Борис Ельциндин администрация жетекчиси, каржы министри болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG