Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Украина портторунан дан жүктөгөн кемелердин экинчи кербени жөнөдү


Черноморск портунан чыгып бараткан кеме.
Черноморск портунан чыгып бараткан кеме.

Украин портторунан дан жүктөлгөн кемелердин экинчи кербени 7-августта жөнөп кетти. Инфраструктура министри Александр Кубраков билдиргендей, төрт кемеге 170 миң тоннадай буудай жүктөлгөн. Италия, Кытай жана Түркияга багыт алган кемелердин үчөө Черноморск портунан, бирөө Одесса портунан чыгып кетти.

5-августта 80 миң тонна жүгөрү жүктөлгөн үч кеме Кара деңиз аркылуу жөнөп кеткен.

Украин буудай экспорту боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Орусия Украинага кол салган февраль айынан бери экспорт токтоп турган.

Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келип, Жакынкы Чыгыш жана Африка мамлекеттеринде ачарчылык коркунучун жаратты.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптаса, Орусия Украинанын деңизге миналарды орнотуп салган деп сындаган.

Киев менен Москва Түркия жана Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда Стамбулда кол коюшкан.

Келишимге кол коюлгандан кийин алгачкы Razoni деп аталган кеме Одессанын портунан 1-августта 26 миң тонна жүгөрү алып чыккан. Ал 7-августтун кечинде Ливанга жетери күтүлүп жаткан. Бирок азыр Түркиянын жээгинде кармалып турганы кабарланууда. Украинанын Ливандагы элчилиги билдиргендей, кеме бул өлкөгө белгиленген убакытта барбай калды. Ал качан келери жана эмне себептен кармалып жатканы белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG