Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:08

Бишкекте таштанды тазалоону жеке компания жүргүзө баштады


Сүрөт Назгүл Жамгырчиеванын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Назгүл Жамгырчиеванын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Бишкек мэриясы акыркы күндөрү үйүлүп калып жаткан таштандылар тууралуу комментарий берди. Шаардык бийликтин басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева Биринчи Май районунда чогулган акыр-чикирлерге байланыштуу тургундар арасындагы нааразылыктар жөнүндө Фейсбукка жазып, бул районду "Эко Проф" жеке компаниясы тазалап жатканын айтты.

"Учурда линияда 5 МАЗ, 2 Газ-53, 2 грейфер, 16 жүктөгүч иштеп жатат. Таштанды чыгаруу күнү түнү, дем алыш күндөрү да жүргүзүлөт", - деди Жамгырчиева. Калган үч райондогу жагдай тууралуу азырынча түшүндүрмө бериле элек.

Акыркы кездери Бишкекте таштанды убагында тазаланбай калган деген нааразылык көп айтыла баштады. Мэриянын адистери иш жүрүп жатканын, таштанды челектер жуулуп турарын билдиришкени менен, жуулбаган, тазаланбаган жерлер көп экенин далилдеген сүрөттөрдү интернет колдонуучулар социалдык түйүндөргө чыгарышууда.

Буга чейин баш калаадагы таштандыларды чыгарып кетүүгө жооптуу "Тазалык" ишканасы шаардан күнүнө 500 тоннанын тегерегинде акыр-чикир чыгара турганы айтылган. Ишканада бир жарым миңдей адам эмгектенет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG