Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Израил Газа тилкесине сокку урду


Израиль 6-август эртең менен Газа тилкесине соккуу урду.
Израиль 6-август эртең менен Газа тилкесине соккуу урду.

Израил 6-августта эртең менен Газа тилкесине чабуул жасап, муну өз ракеталарын коё берүүгө даярданып жаткан “Ислам жихад” террористтик тобунун согушкерлеринин коркунучуна карата сокку деп жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Израил күчтөрүнүн соккуусу үч турак үйгө тийип, бири толугу менен талкаланган. Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги 12 адам өлүп, кеминде 84ү жараат алганын билдирди.

Палестина буга жооп катары кеминде 160 ракета менен аткылап, бирок аны Израилдин коргонуу системалары тосуп калганы кабарланды. Израил тараптан жоготуулар жөнүндө маалымат жок.

Бирикккен Улуттар Уюмунун жана Египет, Катардын өкүлдөрү чабууларды токтотууга чакырууда. Reuters чыр-чатактын ырбашы Газа тилкесин көзөмөлдөгөн "ХАМАС" кыймылынын согуштук аракеттерге аралашуусунан көз каранды экенин жазды.

5-август кечинде Израилдин куралдуу күчтөрүнүн атайын операциясында "Ислам жихад” террористтик тобунун түндүк бөлүгүн башкарган Тайсир аль-Жабари жок кылынган. Ал топ өзү да башчысынын өлгөнүн ырастаган. Аль-Жабари "ХАМАС" кыймылы менен “Ислам жихад” тобунун байланышын көзөмөлдөгөн жана Израилге жасалган террористтик чабуулдарга, ракеталык соккуларга тиешеси болгон.

ХАМАС кыймылы Израил, АКШ жана Евробиримдик тарабынан террордук топ катары таанылган. Израил Газа тилкесин блокадага алууну 2007-жылы аймакты көзөмөлдөө ХАМАСка өткөндөн бери колдоп келет. Палестина өз кезегинде аймагын Израил басып алганын, анын мамлекет түзүү талабын таанууну талап кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG