Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:39

Украинада орусиялык 903 актив конфискацияланат


Украинанын Министрлер кабинетинин имараты.
Украинанын Министрлер кабинетинин имараты.

Украинанын Министрлер кабинети мамлекетке өткөрө турган орусиялык активдердин жана мүлктөрдүн тизмесин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министр Денис Шмыгаль маалымдады.

“Бүгүн президенттин орус өкмөтүнө таандык 903 мүлктү конфискациялоо жарлыгын өкмөт бекитти. Алардын 79у корпоративдик укуктагы актив, 824ү мүлк”, - деди Шмыгаль.

Премьер-министр алар Орусияга караштуу мүлк, санкцияга кабылган орусиялыктардын активдери жана компаниялары, орус банктарынын активдери экенин белгиледи. Өкмөт башчы мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөр сатылып, акчасы Украинаны коргоо жана калыбына келтирүүгө жумашаларын кошумчалады.

23-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын басып киришин колдогондордун мүлктөрүн мамлекетке өткөрүүгө жол ачкан мыйзамга кол койгон.

10-мартта болсо Орусиянын мүлктөрүн мажбурлап өткөрүү жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Акыркы күндөрү орус күчтөрү Украинанын түштүк аймактарына чабуулдарын күчөтсө, украин аскерлери оккупацияда турган Херсонду бошотууга басым жасашууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG