Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Орусияда америкалык баскетболчу тогуз жылга кесилди


Бриттни Грайнер соттук отурумда.
Бриттни Грайнер соттук отурумда.

Москванын жакасындагы Химки шаарынын соту америкалык баскетболчу Бриттни Грайнерди тогуз жылга колонияга кести. Ал баңгизатты контрабандалык жол менен ташууга күнөөлүү деп табылды.

Грайнерди быйыл 17-февралда Москванын Шереметьево аэропортунда кармашкан. Тергөөчүлөрдүн айтымында, багажында электрондук тамекинин кара куурайдын майы менен толтурулган картриждери табылган.

7-июлда Химки райондук сотунда өткөн жараянда ал күнөөсүн моюнуна алып, бирок мыйзам бузуу ниети болбогонун айткан. Ал алып жүргөн заттар Орусияда жүгүртүүгө тыюу салынган, АКШнын айрым штаттарында алып жүрүүгө уруксат бар.

Грайнер Екатеринбургдагы УГМК аялдардын баскетбол клубунда ойноп жаткан. АКШнын улуттук курама командасында ал эки жолу Олимпиада оюндарын уткан.

Мурдараак АКШ президенти Жо Байден Орусияда камалган америкалык эки жаранды курал-жарак соодасы үчүн соттолгон орусиялык Виктор Бутка айырбаштоо сунушун колдоду. Ал баскетболчу Бриттни Грайнер менен Орусияда соттолуп жаткан башка бир америкалык жаран Пол Уиланга алмаштырылганы жатат.

Bloomberg басылмсы кабарлагандай, Москва Грайнерди Бутка гана, болбосо эки адамга эки адамды алмаштырууну көздөп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG