Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

Эстонияда коомдук жайлардагы советтик эстеликтер алына турган болду


СССРдин алгачкы лидерлеринин бири Владимир Лениндин эстелиги. Иллюстрациялык сүрөт.
СССРдин алгачкы лидерлеринин бири Владимир Лениндин эстелиги. Иллюстрациялык сүрөт.

Эстониянын өкмөтү коомдук жайларда советтик эстеликтерди алып салуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу "Коммерсантъ" басылмасы бул өлкөнүн бийлигине таянуу менен кабарлады.

Эстон мамлекетинде советтик мезгилде курулган жалпы 400дөй монумент бар.

“Министрлер кабинетинин отурумунда биз оккупациялык бийликтин символикалары бар мемориалдарды жок кылуу маселесин кеңири талкууладык. Башкысы чечилди – кызыл монументтер коомдук мейкиндиктен алынат, муну биз жакын арада ишке ашырабыз”,- деп жарыялады Эстониянын премьер-министри Кая Каллас.

Өкмөт башчынын белгилешинче, эстеликтер өлкөнүн бардык аймагында жайгашкан. Аларды качан демонтаж кыларын жергиликтүү бийликтер чечиши керек. Советтик мезгилде курулган жалпы 400дөй монумент бар.

Кая Каллас билдирүүсүндө Орусия менен чектешкен Нарва шаарындагы Т-34 танкынын эстелигине өзүнчө токтолду. Аз күн алдын аны алып салууга каршы эстеликтин алдында 100дөй адам митингге чыккан. Аны бузуу тууралуу расмий маалымат чыга элек болчу. Премьер-министр эстелик шаарга караштуу экенин, бирок аны жылдыруу маселесин эстон өкмөтү чечерин кошумчалады.

2007-жылы Эстонияда Бошотуучу жоокер (Воин-освободитель - Бронзовый солдат) эстелигинин Таллиндин борбордук бөлүгүнөн аскердик мүрзөгө которулушуна байланыштуу нааразылыктар өткөн. Акциялардын алгачкы күнү 57 адам, анын ичинде 13 полиция кызматкери жаракат алган. Баш аламандыктарда жабыр тарткан бир адам каза болгон, 300дөй адам кармалган.

Эстониянын өкмөтүнүн бул аракеттерин Орусиянын жетекчилиги жана коомчулугу терс кабылдаган. Москвада эстон элчилигинин алдында пикеттер өтүп, эстон товарларына бойкот жарыялап, Эстонияга барбоого чакырыктар ташталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG