Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Кыргызстанда жаныбар катышкан циркке тыюу салуу сунушталганы жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаныбарлар катышкан циркке жана коммерциялык зоопарктарга тыюу салуу сунушталганы жатат. Бул тууралуу 4-августта “Азаттык” радиосуна Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, бул боюнча тийиштүү ченемдик-укуктук актылар иштелип чыгууда жана алардын максаты – жаныбарларга катаал мамиле жасалышына жол бербөө.

Министрлик Жогорку Кеңештин депутаттарынын ача туяктуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий жарыялоо тууралуу демилгесин колдогон бүтүм чыгарып бергенин да кошумчалады.

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 45 өлкөсүндө оюн-зоок индустриясында жаныбарларды колдонууга толук же жарым-жартылай тыюу салынган. Мындай чектөө жаныбарларды мажбурлап үйрөтүүдөгү таш боор мамилеге, алар эркиндиги чектелген шартта жашаганына, өлүмгө көп учураганына жана мындай оюн-зооктун балдардын психикасына тийгизген терс таасирине байланыштуу кабыл алынганы жүйө келтирилип жүрөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG