Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:51

Ноокенде алты жашар кызды зордуктоого шектүүнүн соту уланууда


Жалал-Абаддын Ноокен районунда алты жаштагы кызды зордуктоого шектелген 28 жаштагы жарандын иши боюнча сот уланууда. Кийинки отурум 15-августта болот. Кыздын жакындары аны өмүр бою камоону суранып жатышат.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, шектүү 2022-жылдын 26-майында кызды мектептен келе жатканда үйүнө алып кирип зордуктаган.

Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, факты Ноокен райондук милициясында каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кылмышты жасаганын моюнга алган жана райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалган. Иш июнда сотко өткөн.

Кыргызстанда соңку кездери балдарга көрсотүлгөн зомбулуктар, зордуктоо фактылары байма-бай айтылууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкөдө жашы жете электерге зордук-зомбулук көрсөткөн 264 иш катталган.(TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG