Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:05

Депутат Акаев Оштогу такси айдоочуларына байланыштуу Жапаровго кайрылды


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ош аэропортундагы жана "Достук" чек ара өткөрүү пунктундагы такси айдоочулары менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы жагдайга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды.

Депутат 4-августта бул тууралуу Фейсбукка жазып, такси айдоочуларынын өкүмзордугун уят иш катары сыпаттады. Ал кошуна өлкө жарандарынын Кыргызстандын аэропорту аркылу учушу, чек арадан ары-бери катташынын экономикага кошкон салымын белгиледи.

Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларынын айынан видео кайрылуу жолдоп, алардын өкүмзордугуна даттанышкан.

Телеграм каналдарга 2-августта жарыяланган кайрылууда, Орусиядан "Ош" эл аралык аэрпортуна учуп, андан ары Өзбекстанга кетчү жарандарды аэропорттогу такси айдоочулары зордоп машинесине салып, чек арага чейинки беш-алты чакырым жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканы айтылат.

Бул көйгөйдү мурдараак көтөрүп чыккан журналист Шохрух Саипов 4-августта аны милиция ушул маселеде сүйлөшүүгө чакырганын билдирди.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, социалдык тармак аркылуу буга чейин бул маселеде 14 ирет кайрылуу келип түшкөн. Алардын жетөө боюнча тергөө иштери жүрүп, бирок бири да аягына чыккан эмес. Анткени кайрылган жарандар милицияга келип көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG