Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Ирандын өзөктүк программа боюнча өкүлү сүйлөшүү үчүн Венага кайтып барды


Али Багери Кани.
Али Багери Кани.

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө Ирандын делегациясынын башчысы Али Багери Кани бул багытта сүйлөшүүлөрдү жандантуу үчүн кайрадан Венага кайтып барды. Жараян акыркы жолу Австриянын борборунда мартта болгон жана ошондон бери токтоп турган.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги 3-августта тараткан билдирүүсүндө сүйлөшүүлөрдү Европа Биримдиги координация кыларын, “тараптар сунуштаган идеялар талкууланарын” билдирди. Расмий Тегеран макулдашуу кабыл алынганга чейин өзүнүн атомдук станцияларындагы МАГАТЭгин камералары жандырылбай турганын маалымдаган.

Евробиримдиктин жогорку аткаминери Жозеп Боррел өткөн айда келишимдин жаңы долбоору сунушталганын айткан. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы макулдашууга кайтууну колдой турганын жарыялаган, бирок ал Тегерандын Ислам революциясы сакчылар корпусун террордук уюмдардын катарынан чыгаруу талабына макул болгон эмес.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам Республикасы өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыр апрелде башталган. Ал жыйынтыкталып калганы айтылганы менен тараптар бир пикирге келе албай, сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG