Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Ысык-Көлдө кичи автобус кырсыкка кабылып, эки адам каза болду


Балыкчы – Ананьево – Каракол жолунда 3-август күнкү автокырсыкта эки киши каза тапты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя эртең менен саат 7:40да Кызыл-Өрүк жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда болгон.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Mitsubishi унаасын айдап бараткан айдоочу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Mercedes-Benz Sprinter кичи автобусу менен кагылышкан.

"Коопсуз шаар" камераларынын маалыматы боюнча, Mitsubishi соңку 15 саат ичинде Бишкектен Ысык-Көлгө эки жолу барып келген. Айдоочу рулда уктап кеткени айтылууда.

Кичи автобуста 18 адам бараткан. Жараат алгандардын жагдайы такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч киши ооруканага түшкөнүн билдирди.

Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу барып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Бир күн мурун Ысык-Көл облусунда дагы бир аварияда эки казакстандык көз жумган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл алты айда эле Кыргызстанда үч миңдей жол кырсыгы катталып, андан 248 адамдын өмүрү кыйылган. 4600дөн көбү ар түрдүү жаракат алышкан.

2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган.

Милициянын байкоосуна ылайык, авариялардын 92,4% айдоочулардын күнөөсү менен болот. Жол кырсыгында набыт кеткендердин 70% 25тен 40 жашка чейинкилер. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG