Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Алтынбек Жумаев кызматтан бошотулуп, президентке кеңешчи болду


Алтынбек Жумаев
Алтынбек Жумаев

Алтынбек Жумаев Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчылыгынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 3-августта кол койду.

Мамлекет башчысынын ушул күнкү дагы бир жарлыгы менен Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Алтынбек Жумаев аталган кызматты жетектөөгө 2021-жылдын 28-декабрында дайындалган. Ага чейин "7-канал" телеканалын башкарган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG