Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Орусиянын соту Украинанын "Азов" полкун террордук уюм деп тапты


Украинанын "Азов" полкунун жоокери. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын "Азов" полкунун жоокери. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Жогорку соту Украинанын "Азов" полкун террордук уюм деп тапты жана ага тыюу салды. Мындай чечим 2-августта өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен кабыл алынды.

Соттук отурум жабык өттү. Сот чечимдин корутунду бөлүгүн гана жарыялады, ага алып келген жагдайлар ачык айтылган жок. ТАСС агенттиги кабарлагандай, чечим азырынча күчүнө кире элек, уюмдун жактоочулары апелляциялык арыз жазса болот.

Отурумда Украинанын ар кайсы шаарларынан чакырылган күбөлөр “Азов” полкунун аракеттери жөнүндө сурады. "Медиазона" келтиргендей, күбөлөрдүн бири "полктогулар адамдын этин жей турганын" айтты.

“Азов” полку бул чечимге байланыштуу жооп билдирүү таратып, Орусиянын өзүн Еленовкадагы аскердик туткундарды өлтүрүүгө айыптады жана АКШ баштаган өлкөлөрдү Орусия Федерациясын террорчу мамлекет деп таанууга чакырды.

Орусиянын мамлекеттик пропагандасында “Азов” полку Украинада неонацизм мамлекеттик деңгээлде колдоого алынат дегенге мисал катары пайдаланылат. Украинанын “денацификациялоо” Москванын быйылкы кол салуусунда максаттардын бири катары айтылган. Полк өзүнүн нацизм менен байланышын төгүндөп келет.

“Азов” полку 2014-жылы ыктыярдуу түзүм катары уюшулган, аны түзүүчүлөрдүн катарында ашынган оңчул көз караштагы активисттер турган. 2015-жылы АКШнын Конгресси полктун неонацисттер менен ыктымал байланышына байланыштуу аларга аскердик жардам берүүгө тыюу салган. Февралдагы кол салууга чейин полк Жапонияда террордук уюмдардын тизмесине киргизилген, Токио кийин аларды кайра чыгарган.

Учурда “Азов” полку Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курамына кирет. Анын жоокерлери 2022-жылдын жазында Мариупол шаарын коргоо активдүү катышып, жүздөгөнү өлүп, миңдегени орус тарапка колго түшкөн.

Орусиянын бийлик өкүлдөрү жана Донецктеги орусиячыл жикчилдер “азовчулардын” үстүнөн аскердик трибунал уюштурарын жарыялашкан. Орусиянын Улуу Британиядагы элчилигинин баракчасында, полктун жоокерлерин асып салуу тууралуу өтүнүч келтирилген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG