Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Украина АКШдан жалпы 16 даана HIMARS системасын алды


Американын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары.
Американын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары.

АКШ жөнөткөн дагы төрт HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары Киевге келип түштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников Твиттердеги баракчасында кабарлап, Кошо Штаттардын президенти Жо Байденге жана америкалык кесиптеши Ллойд Остинге ыраазычылык билдирди.

Украин министри алардын колундагы аталган куралдын санын тактап жазган жок. Вашингтон Киевге буга чейин HIMARS системасынан 12 даана жөнөткөн. Жаңы системалар менен алардын жалпы саны 16га жетти.

АКШнын Өкүлдөр палатасынын куралдуу күчтөр комитетинин башчысы Адам Смит Киевдеги сапары учурунда “Азаттыктын” украин кызматына интервью берип, Кошмо Штаттары жана алардын өнөктөштөрү Украинага берилген HIMARS жана MLRS системаларынын санын 25-30 даанага чейин жеткирүүнү пландап жатканын айткан.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников болсо өз билдирүүлөрүндө Украинага HIMARS жана M270 ракеталык системаларынан коргонуу үчүн 50 даана, чабуул үчүн 100 даана керек экендигин билдирген эле.

Украин күчтөрү орус аскерлеринин командалык пункттарына, курал-жарак кампаларына жана башка объектилерине мурда дагы чабуул коюшчу. Анда сокку көбүнчө кармаш линиясынан алыс эмес жерлерге жасалып же диверсиялык аракеттердин натыйжасында кол салып келген. Июндан тартып фронттук линиядан ыраакта жайгашкан объектилерге да сокку ура башташты.

Бул соккулар АКШнын HIMARS (High Mobility Artillery Rocket System) жапырт аткылоочу реактивдүү системасы Украинага келип түшкөндөн кийин башталды. HIMARS системасы 300 чакырымга чейин ата алат, бирок 80 чакырымга чейин жогорку тактыкта бутаны жок кылат. Украин тарап ушул убакка чейин жикчилдер ээлеп турган аймактардагы Орусияга таандык ондогон объектини HIMARS менен талкалаганын билдирүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG